Белгилүү казакстандык продюсер Баян Есентаеванын (азыр баракчасында фамилиясын Максат кызы деп өзгөрткөн) күйөөсү Бахытбек Есентаевдин күнөөсү аныкталып, 9 жыл күчөтүлгөн режимде абакта жаза өтөө чечими чыгарылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Мурунку күйөөсүнө берилген жаза тууралуу Есентаева Инстаграм баракчасы аркылуу буларды билдирген:
"Аны кечирдим, мыйзам кечирген жок. Жашоо ушундай экен, биздин тагдыр, анын, менин, биздин балдардын тагдыры ушундай болду. Бири-бирибизди түшүнбөгөнүбүз үчүн, балдардын көз жашы үчүн, каталар үчүн, ойлонулбаган чечимдерди кабыл алганыбыз үчүн, болгон окуялар үчүн ыза болом, жан дүйнөм абдан ооруйт. Биз баарыбыз адамбыз, андыктан ката кылууга акыбыз бар. Азырынча менин жашоомдо болгон окуя ката экенин билбейм, бул нерсени убакыт көрсөтөт. Жүрөктүн акылга баш ийбеген мүнөзү бар, мени менен, аны менен дал ушундай болду. Ар бирибиз өз жазабызды алдык. Мыйзам баары үчүн бирдей. 22 жылдык чогуу жашаган мезгилде бардык эле адамдардай жакшы, жаман күндөр болду. Ишенимдүү түрдө айта алам, ал сонун ата. Эми мага балдарды жалгыз тарбиялоо кыйын болот, бирок колумдан келет. Мен эч качан жапа чеккен адамдын образын өзүмө алган эмесмин, бул менин окуям эмес.
Мурунку жолдошумдун тарыхы бүтө элек деп ишенем. Ал күчтүү адам, андыктан ага бир гана ден соолук, чыдамкайлык каалайм жана аны алдыда мыкты жашоо күтүп турат деген үмүтүм бар".
Сөзүн "мен баарын айттым, эми бул маселе боюнча массалык маалымат каражаттарынан тынчымды албоону суранам" деп жыйынтыктаган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Бахыт Есентаев жубайын ур-тепкиге алып, бычак сайып жиберген.